Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:54
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Ошто вируска каршы дарылардын баалары текшерилүүдө (сүрөт)

10.07.2020 13:35
1231
Ошто вируска каршы дарылардын баалары текшерилүүдө (сүрөт)

 

Ош шаарында вируска каршы дарылардын баалары текшерүүлүдө. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 9-июлда шаар аймагындагы дарыканалар менен дары сактоочу кампаларга текшерүү жүргөн. Иш-чарага вице-мэр Асылбек Топчубаев жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү катышкан.


Текшерүүнүн жүрүшүндө вируска каршы каражаттардын баасы дарыканаларда ар башка баада экени аныкталган. Ири дарыканалар Ош шаарына тийиштүү дары-дармектин 50-60% гана келип жатканын, мындай көрүнүш сырттан каражаттар аз көлөмдө келүүсү менен бирге Бишкек шаарындагы жогорку суроо-талапка байланыштырган.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аксана
Өтө эле кымбат даарылар☹️