Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 04:26
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Ошто унаадан Калашников автоматы табылды

Ошто унаадан Калашников автоматы табылды


ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 20-июлда Ош шаарында Toyota Corolla үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда унаанын багажынан Калашников автоматы сегиз огу менен табылган.

ИИМден билдиришкендей, мыйзамсыз сакталган курал Өзгөн районунун 41 жаштагы Х.А. аттуу тургунуна таандык экени аныкталган.

Аталган факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгү (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган адам Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн