Кулжа 16, 2025
Убакыт: 19:56
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Ошто окуучу баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды

04.02.2022 16:27
834
Ошто окуучу баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 7 жашар баланы жеңил унаа сүзүп, андан ары из жашырып качып кеткен. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, 2-февраль күнү саат 11:10 чамасында 2015-жылы туулган А.А.ны жолдон өтүп бара жатканда Hyundai Starex унаасы сүзүп, андан ары из жашырган. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу денесинен жараат алып, Кара-Суу райондук балдар ооруканасына жеткирилген.


Издөө иштеринин натыйжасында, айдоочу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1978-жылы туулган К.Б. аттуу тургуну экени белгилүү болгон. Ал кызматкерлер тарабынан кармалып, унаасы айып короосуна токтотулган.


Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн