Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 14:56
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Ошто курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

11.03.2023 12:38
441
Ошто курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды


Кечээ, 10-мартта Ош шаарынын Амир-Тимур кичирайонунан курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун жайы табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жашыруун жайдан револьвер үлгүсүндөгү 1 тапанча (8мм), италиялык өндүрүштөгү 1 тапанча (8 мм), чет элдик өндүрүштөгү 1 тапанча (9 мм), 1 Ф1-гранатасы, 1 детонатор капсуласы, АК-74-1 үлгүсүндөгү магазин, 61 даана 9мм, 7,62мм жана 5,45 мм калибрлүү ок-дарылар (ЛПС 7,62 мм), мээлейлер, беткаптар табылып алынды.

Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда курал-жарактардын жана ок-дарылардын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн