Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 03:28
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Ошто дагы бир турак жай кооперативинин жетекчиси кармалды

17.07.2022 15:02
775
Ошто дагы бир турак жай кооперативинин жетекчиси кармалды


Ошто "Биринчи турак жай" коммерциялык эмес кооперативинин жетекчиси И.Б. кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.


Билдирүүгө ылайык, Ош ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан аталган кооперативдин жетекчилигине карата алдамчылык, акча каражатын өзүнө мыйзамсыз ыйгарып алуу жана коротуу фактысы иликтенип жатат.

Бул кооперативге карата өлкөнүн ар кайсы аймактарынан даттануулар түшүп, чара көрүүнү суранышкан. Азыркы тапта элге 18 миллион 188 миң 260 сом зыян келтиргени аныкталган.

Мындан улам 16-июлда "Биринчи турак жай" кооперативинин башкаруучулугунун төрагасы И.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ош милициясы бул кооперативден жабыркагандар болсо шаардагы Эргеш Алиев көчөсү, 128 дарегине келип, Тергөө кызматына же (03222) 7-14-39, (0772) 33-33-13, 102 номерлери аркылуу кайрылууга чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн