Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 05:43
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Ошол эле кыз кайра сабаган. Дааратканада кызды сабаган кыздын ата-энесине 3 миң сом айып салынды

29.04.2022 09:59
448
Ошол эле кыз кайра сабаган. Дааратканада кызды сабаган кыздын ата-энесине 3 миң сом айып салынды

Бишкекте мектептердин биринин дааратканасында дагы бир окуучу кыз сабалды. Аны ур-токмокко алган кыз буга чейин 4-класстын окуучусун сабаган.


Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, 28-апрелде шаар тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган.


Анда ал 25-апрелде мектептин дааратканасына жашы жете элек кызын сүйлөшүүгө чакырып, денесине жаракат келтирген 11 жаштагы Ч.А`га карата чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факты электрондук журналга катталып, алдын ала текшерүү башталган. Ал эми жаракат алган окуучу кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.


"Мындан тышкары Бишкек ШИИББине бул окуянын бардык катышуучулары чакыртылып, аларга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле алар күбө катары сурак беришти. Ал эми 11 жаштагы Ч.А`нын апасына 102-берене (ата-энелик милдеттен качуу) боюнча протокол түзүлүп, 3000 сом айып салынды. Чогултулган материалдардын көчүрмөсү Октябрь райондук балдар иштери боюнча комиссияга жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн