Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 01:56
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Ошко да, Жалал-Абадга да жаңы эл аралык аэропорт салынат

04.12.2023 18:06
516
Ошко да, Жалал-Абадга да жаңы эл аралык аэропорт салынат


Эл аралык жаңы аэропорт Ошко да, Жалал-Абадга да салынат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Анын айтымына караганда, социалдык тармактын айрым колдонуучулары чындыкка дал келбеген билдирүүлөрдү таратып жатышат.

"Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары "Ош шаарына пландалган аэропорт Жалал-Абад шаарына салынмай болуптур. Ошко салынбай калыптыр" деген маанайдагы билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт жана провакациялык мүнөздө экендигин белгилейбиз.

Ошондой эле, жалган жана чагымчыл маалымат таркатуу тийиштүү мыйзамдардын чегинде тескелерин, ал үчүн жоопкерчилик каралганын эске салабыз.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын майында мамлекет башчысы Садыр Жапаров жаңы салына турган аэропорттордун долбоорлору менен жеринде таанышкан.

Анда Ош жана Жалал-Абад шаарындагы аэропорттордун ордуна ипотекалык негизде берүү үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу каралганы маалымдалган", - деди Алагозов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн