Кулжа 15, 2025
Убакыт: 15:37
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Орок айылында 25 жаштардагы бала асынып алган жеринен табылды

26.07.2021 20:51
1991
Орок айылында 25 жаштардагы бала асынып алган жеринен табылды

Орок айылында 20-25 жаштагы белгисиз адам асынып турган жеринен табылды. Милиция кызматкерлери маркумдун өздүгүн аныктоо үчүн коомчулуктан жардам сурап кайрылат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирет.


Анын айтымында, 20-июлда Орок айылынын аймагынан жолдун жээк тарабында талаадан асынып өлгөн адам табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Маркум болжол менен 20-25 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндө деп сүрөттөлөт.


Кийген кийими: үстүндө баш сөөктүн сүрөтү түшүрүлгөн жана латын тамгалары менен жазылган кара футболка, көк джинсы шым, бутунда кара кроссовка.


Белгилери: бою 165-170 сантиметр, арыкчырай, чачы узун кара, көздөрү күрөң түстө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн