Кулжа 16, 2025
Убакыт: 20:07
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Новопокровка айылында турак үй өрттөндү

Новопокровка айылында турак үй өрттөндү

Бүгүн, 14-сентябрда Новопокровка айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылында Линейная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. 


Өрттү өчүрүүгө саат 13:11де Ысык-Ата райондук №27 өрткө каршы бөлүктөн 1 бөлүм тартылып, саат 13:42де чектөөгө алынган. 


Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринин натыйжасында үйдөн чыккан өрт саат 14:34тө толук өчүрүлдү. 


Бактыга жараша өрттөн жабыр тарткандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгым такталууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн