Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 12:40
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Назарбек Нышанов бийликти күч менен басып алуу чакырыгы үчүн кармалды

08.02.2023 11:09
541
Назарбек Нышанов  бийликти күч менен басып алуу чакырыгы үчүн  кармалды

Бийликти күч менен басып алуу боюнча коомчулукка кайрылуусу үчүн жарандык активист кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 6-февралында улуттук коопсуздук органдары тарабынан социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды таратуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ошондой эле соттук-лингвистикалык экспертизанын жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруунун белгилеринин бар экендиги жөнүндө иш боюнча алынган башка далилдердин негизинде, КР жараны Н.Н.А. кармалып УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


УКМК жарандарды социалдык тармактарда араздашууну тутандырууга, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган ар кандай антиконституциялык чагымдарга жана чакырыктарга алдырбоого чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн