Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:01
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Нарында “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү ал уюмдан баш тартты (видео)

21.05.2021 17:30
1681
Нарында “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү ал уюмдан баш тартты (видео)

Нарын облусунда тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү экстремисттик кыймылдын ишине катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Диний экстремизмге каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Нарын облусунун айрым тургундарын тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө тартуу иш-аракеттерин кылып жүргөн адам аныкталды.

“14-майда облустук казыяттын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында көрсөтүлгөн тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдун И.Ж.Р. аттуу активдүү мүчөсү өзүнүн жаңылыштыгын моюнга алып, өз ыктыяры менен бул экстремисттик кыймылдын ишине катышуудан баш тартты”, - деп айтылат маалыматта.

УКМК тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө каршы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча системалуу иш-чараларды улантууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн