Кулжа 16, 2025
Убакыт: 16:43:18
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна өзгөчө абал киргизүү Жарлыгына президент кол койду

14.04.2020 13:31
1032
Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна өзгөчө абал киргизүү Жарлыгына президент кол койду


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө " Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.  


Жарлыкка ылайык, Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилет.  Өзгөчө абал киргизилген мезгилде  Ички иштер министрлигинин Нарын облусундагы ички иштер башкармалыгынын начальниги Аалиев Уланбек Карыбекович Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты болуп дайындалат. 


Аталган Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн