Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 14:11
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Нариман Түлеев Аскар Салымбеков жана Азиз Суракматов менен эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтты

12.04.2021 12:07
1190
Нариман Түлеев Аскар Салымбеков жана Азиз Суракматов менен эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтты

Бишкек шаардык кеңешине "Ак Бата" партиясын жетектеп аттанга Нариман Түлеев Аскар Салымбеков жана Азиз Суракматов менен жолугушууда эмне тууралуу сөз болгонун айтты. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди. 


Түлеевдин айтымында, алар 9-апрель күнү жолугушкан. 

"Биз шайлоодон эки  күн мурда жолугушканбыз. Суракматов менен Салымбеков менен таза шайлоо өткөрөбүз деп убадалашканбыз. Ошол жерде кол алыштык. Бирок өзүңөр көргөндөй мыйзам бузуулар, добуш сатып алуулар өтө көп болду. 

Мен көчмө урналардын жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча жарандык коомдун пикирин толук колдойм.  Анткени көчмө ураналарга добуш берүүдө олуттуу мыйзам бузуулар болду деп эсептейм",- деди Түлеев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн