Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 00:04
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Надира Нарматова "балага сүйүнчүнүн" көлөмүн 50 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштады

22.07.2022 14:19
789
Надира Нарматова "балага сүйүнчүнүн" көлөмүн 50 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова “балага сүйүнчү” жөлөк пулунун өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин коллегиясында билдирди.


Анын айтымында, ведомство эне-баланы колдоо саясатын кайра карап чыгышы керек.


"Сүйүнчүнүн көлөмүн көтөрүшүбүз керек. Учурдагы сумма аз. Үй-бүлөнүн материалдык абалына карабай, бардык энелерге сүйүнчө берилип, анын өлчөмүн 50 миң сомго чейин көтөрүү керек”, - дейт Надира Нарматова.


Ал ошондой эле балдардын жөлөк пулун өзгөртүүнү сунуштады.


«Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири миграцияда болсо, дароо эле жөлөк пулдан ажыратасыз. Ал эми чет өлкөдө эмне кылып жүргөнү, акча жөнөткөнү белгисиз. Бул туура эмес. Үч жашка чейинки бардык балдарга жөлөк пул берилиши керек”, - деп белгиледи депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн