Бугу 02, 2025
Убакыт: 01:21
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Мурдагы депутат Жаныбек Бакчиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

05.01.2024 22:18
470
Мурдагы депутат Жаныбек Бакчиевдин камактагы мөөнөтү узартылды


Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди. 


«2023-жылдын 19-декабрында сот УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасынын мөөнөтү тергөө аяктаганга чейин узартылган. 2024-жылдын 23-февралына чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта», — деп айтылат билдирүүдө.


Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 25-октябрдагы чечими менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган. Жаныбек Бакчиев КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча айыпталууда

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн