Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамга кол койду.
Конституциялык мыйзам 2025-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Конституциялык мыйзам Министрлер кабинетинин ишин өркүндөтүү максатында иштелип чыкты.
Кабыл алынган конституциялык мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү каралган, ага ылайык:
– Министрлер кабинетинин төрагасынын жана Министрлер кабинетинин башка мүчөсүнүн кызмат орундарын жогорку билимге ээ, мамлекеттик жана (же) муниципалдык кызматтарда жалпысынан 7 жылдан кем эмес иш стажы бар, анын ичинде жетекчи кызмат орундарында 5 жыл, ошондой эле 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат;
– аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин кызмат ордун жогорку билимге ээ, мамлекеттик жана (же) муниципалдык кызматтарда жалпысынан 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, анын ичинде жетекчи кызмат орундарында 3 жыл, ошондой эле 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.
Аталган конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн