Кулжа 11, 2025
Убакыт: 16:32
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.110
1.135

Туманбаев: Кыргызстанда жасалган паспорттор Түштүк Африкага экспорттоло баштады

10.06.2025 17:15
51
Туманбаев: Кыргызстанда жасалган паспорттор Түштүк Африкага экспорттоло баштады


Кыргызстанда жасалган паспорттор Түштүк Африкага экспорттоло баштады. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. 


Анын айтымында, "Учкун" ишканасы келишимдин негизинде Намибияга 130 миң биометрикалык паспорт жөнөткөн. 


"Намибиянын делегациясы Бишкекке келип, экинчи келишимди түзүү боюнча жолугушуу өткөрүштү. Ошондой эле алар башка тармактарда дагы "Учкун" менен кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул — мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү өнүгүп, өлкөнүн полиграфиялык тармагы эл аралык деңгээлге чыгып жаткандыгынын далили", — деп жазган Туманбаев. 


Буга чейин Гана үчүн да паспортторду Кыргызстан даярдай турганы, дагы бир нече мамлекет менен келишимдерге кол коюу пландалып жатканы айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн