Теке 14, 2025
Убакыт: 21:46
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.100
1.130

Министрлик дыйкандарга жашылча чөптөрдү өстүрүүнү сунуштады

Министрлик дыйкандарга жашылча чөптөрдү өстүрүүнү сунуштады


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарга ашкөк (укроп), салат жалбырагы, жүсай, петрушка жана кинза өстүрүүнү сунуштап, кирешесин санап берди. 


Мисалы, ашкөктү 10 сотых жерге эгүүдө чыгым 10-20 миң сомду түзсө, килограммы 100-200 сомдон сатылса, таза киреше 30 миң сомго жетиши ыктымал. 


Ал эми салат жалбырагы 1,5 тоннага чейин түшүм берип, базар баасы 250 сомдон болгондо таза киреше 350 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.


Жүсайдан эки-үч ирет түшүм алууга болот, орточо 60-90 миң сом киреше алып келиши мүмкүн.


Петрушка менен кинза эң жогорку түшүм берген өсүмдүктөрдүн катарында. Жалпысынан 2,5 тонна түшүм алып, базар баасына жараша 230 миң сомдон ашуун таза киреше көрсө болот. 


Ошол эле учурда базар баасынын, аба ырайынын туруксуздугу, суроо-талаптын начардыгы жана жеткирүү системасынын жакшы уюштурулбагандыгы кирешенин төмөндөшүнө себеп болушу мүмкүн экени кошумчаланган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн