Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Балыкчы шаарынын мэри болгон Баатырбек Жантаев бөлөсү экенин айтты.
Ал жаңы дайындалган калаа башчыны жамаатына тааныштырган.
"Ачыгын айтайын, биздин мамлекетте мурдагыдай жашыра турган нерсе жок. Бул жигит менин бөлөм болот. Президентибиз тапшырма берип, кызматка дайындады. Биз ал чечимди талкуулабайбыз", — деди Туманбаев.
Президенттин иш башкаруучусу негизги критерий тууганчылык же тааныштык эмес, иштөө жөндөмдүүлүгү жана эл үчүн кызмат кылуу экенин белгиледи. Ошондой эле ал туура эмес иштесе мыйзам чегинде жоопко тартыларын кошумчалады.
Туманбаев, мындан тышкары, Балыкчы шаарына 1 миллиард сом бөлүнөрүн, натыйжада калаа башкача болуп өзгөрөрүн кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн