Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 23:09
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Министрлер кабинети MEGA`нын мамлекеттик акцияларын электрондук аукционго койду

04.07.2023 11:39
672
Министрлер кабинети MEGA`нын мамлекеттик акцияларын электрондук аукционго койду


"Альфа-Телеком" (MEGA соода маркасы, мурдагы MegaCom) ЖАКтын акциялары аукционго коюлду.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) кабарлагандай, мамлекеттик акциялардын 100% толук пакети электрондук аукционго коюлду.

"Альфа-Телеком" ЖАКтын мамлекеттик пакетинин акциясынын баштапкы суммасы - 14 миллиард 600 миллион сом.

Электрондук аукцион электрондук соода аянтынын порталында өткөрүлөт.

Табыштамалар 2023-жылдын 4-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө кабыл алына баштайт.

Табыштамаларды кабыл алуу 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө аяктайт.

Электрондук аукцион 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн