Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 06:53
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Мигранттардын маселеси каралат. Жогорку Кеңештин депутаттары Москвага барат

16.02.2022 10:38
723
Мигранттардын маселеси каралат. Жогорку Кеңештин депутаттары Москвага барат

Жогорку Кеңештин депутаттары Москва шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.


Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Москвага бара турган депутаттардын катарында бардык фракциялардын өкүлдөрү боло турганын айтты. Иш сапардын датасы азырынча эки тараптуу макулдашылууда.


Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Россия Федерациясынын айрым губернаторлору өз алдынча мигранттардын айрым тармактарда иштөөсүнө тыюу салынып жатканын билдирди.


Ал эми Адахан Мадумаров мигранттардын көйгөйү көбөйүп кеткенин аны чечүү үчүн Мамлекеттик Дума менен биргелешкен депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн