Бугу 03, 2025
Убакыт: 14:53
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Курманкул Зулушев эмне үчүн жарандардын баш коргоо чарасы кечеңдеп жатканын айтты

21.04.2021 14:16
967
Курманкул Зулушев эмне үчүн жарандардын баш коргоо чарасы кечеңдеп жатканын айтты

Башкы прокурор Курманкул Зулушев жарандардын баш коргоо чарасы эмнеликтен кечеңдеп жатканы боюнча айтып берди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


"Жаңы кодекстердин талаптарына ылайык, тергөөчү жазык иштерин тергөөгө кетирген убакытка караганда, анын бөгөт коюу чарасын тандоо, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү, шектүүгө кабарлама берүү сыяктуу аракеттерге көбүрөөк убактысы кетип жатат. Анткени, бул аракеттерди ишке ашыруу үчүн тергөөчү адегенде прокурорго барып анын мыйзамдуулугун текшертип, андан кийин тергөө судьясына барып ал жерде эртеден кечке кезек күтүп, өзүнүн аракеттерин мыйзамдаштырууга милдеттүү.

Мындай процедуралар биринчиден тергөөчүнүн, экинчиден прокурордун, үчүнчүдөн тергөө судьясынын жумуштарын кескин түрдө көбөйттү. Ал эми тергөөнү негизсиз создуктуруу – коомчулуктун нааразычылыгын пайда кылып, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга терс таасирин тийгизип, укук коргоо тутумуна болгон көз караштын бузулушуна алып келүүдө",- деп жазылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн