Кулжа 17, 2025
Убакыт: 01:13
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Кубанычтуу кабар! Бишкекте үч эм төрөлдү

27.06.2023 16:24
521
Кубанычтуу кабар! Бишкекте үч эм төрөлдү


20-июнда Бишкектеги шаардык перинаталдык борбордо үч эм жарыкка келди, бир уул жана эки кыз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи наристе 1 кг 400 гр, ал эми кыздар 1 кг 740 гр жана 1 кг 690 гр салмакта төрөлгөн.

Бул 33 жаштагы Чүй облусунун тургунун экинчи кош бойлуулугу. Наристелер төрөт маалынан мурда 33-жумада болгон.

Төрөлгөндө ымыркайлар 3 күн реанимация жана интенсивдүү терапия шартында болуп, абалы турукташкандан кийин 2023-жылдын 23-июнунда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын экинчи этаптагы кам көрүү бөлүмүнө которулган.

Учурда апасынын жанында дарыланууну улантышууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн