Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 17:08
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Коронавируска жеке клиникаларда анализ тапшыруунун баасы канча турары айтылды

20.04.2020 11:52
1132
Коронавируска жеке клиникаларда анализ тапшыруунун баасы канча турары айтылды


Жеке лабораторияларда ПЦР-тест тапшыруунун баасы 2 миң сомдон жогору болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 20-апрелдеги брифинг учурунда билдирди.  


Жыйында журналисттер тарабынан берилген "качантан баштап жеке лабораторияларда анализ тапшырса болот жана анын баасы канча турат" деген суроо узатылып, ага министрдин орун басары төмөндөгүдөй жооп берди.  


"Мындай анализ тапшыруу бүгүн-эртең башталат. Жеке менчик ири лабораториялардын бири мамлекеттик лабораториянын базасында иштөөгө киришти. Бир анализ алууга кетчү чыгым 2 миң сомдон бир аз жогору болот”, - деди Үсөнбаев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн