Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 16:46
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Коронавирус: Бүгүн республика боюнча 26 жаңы учур катталды (видео)

29.03.2020 12:22
2082
Коронавирус: Бүгүн республика боюнча 26 жаңы учур катталды (видео)


Кыргызстанда 29-март күнү саат 12:00гө карата коронавирус жуктурган 26 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин өкүлү Касымбек Мамбетов билдирди.


Анын айтымында, Ош облусунда - 6, Жалал-Абад облусунда 13, Бишкек шаарында 4 жана Нарын облусунда 1, Чүй облусунда 2 учур катталган.


Алардын бардыгы ооруканага жаткырылып, тиешелүү дарылоо иштери жүргүзүлүп жатат. 


Ошондой эле, бул адамдар менен байланышта болгондор аныкталууда. Такталган жарандар обсервацияга жана үй карантинине алынат.


Мамбетов кошумчалагандай, 3 жаран оор абалда реанимацияга жаткырылды. Алардын бири Сузак районунда, экөө Ноокатта.



 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн