Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 18:57
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Коронавирус жуктурганын жашырган жаран кармалды, сакайганда 5 жылга камалат, - комендант

07.04.2020 13:56
1510
Коронавирус жуктурганын жашырган жаран кармалды, сакайганда 5 жылга камалат, - комендант


Ошто коронавирус жуктурганын жашырган жаран кармалды, сакайганда 5 жылга камалат. Бул тууралуу  Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.  


"Бир жаран илдетти жугузуп алуу беренеси боюнча кармалды, аны текшерүүгө алганда коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Тилекке каршы, ал ооруганын жашырып, эч кимге айтпастан тууган-урук, тели-теңтуштары жана ишканасындагы кесиптештери менен байланышып жуктурган. Азыр ал жаран обсервациядагы изоляторго алынды. Жакшы болуп чыгаары менен 5 жылга чейин камакка алынат, - деди Нурдинов

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн