Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 20:04
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Коронавирус: 118 ыкчам байланыш кызматы өз ишин жандандырды

14.10.2020 17:24
738
Коронавирус: 118 ыкчам байланыш кызматы өз ишин жандандырды

COVID-19 илдети боюнча жарандарга кеңеш берүү 118 ыкчам байланыш телефону кайрадан чалууларды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 10-сентябрдан 10-октябрга чейин Электрондук саламаттык сактоо борборунун адистери тарабынан тармактарды нукка салуу боюнча техникалык иштердин жана колл-борборлордун операторлорунун окутуудан өткөрүлүшүнө байланыштуу колл-борбордун иши убактылуу токтотулган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 13-октябрдан тарта COVID-19дун жайылышын алдын алып, калкка аралыктан жана өз убагында квалификациялуу медициналык кеңеш берүү үчүн Бишкек шаарындагы 4 Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, ошондой эле облустук Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда Call-борборлорун ишке киргизди.

Call-борборлор бирдиктүү маалыматтык номурдун негизинде иштешет - 118.

Колл-борборлордун негизги максаты - калкка өз убагында жана квалификациялуу медициналык кеңеш берүү менен COVID-19 оорусунан улам ооруканага жаткырылгандардын санын азайтуу. Коомчулукка коронавирус жөнүндө так жана ар тараптуу маалымат берүү, ошондой эле оорунун белгилеринин негизинде аралыктан кеңеш берүү - ооруканага кайрылууну азайтуу үчүн өтө маанилүү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн