Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 15:52
USD
87.30
87.80
EUR
99.10
100.10
RUB
1.060
1.090

Коргоо министрлиги параддан өтчү техниканы сүрөт, видеого тартпоону суранды

30.04.2025 12:18
25
Коргоо министрлиги параддан өтчү техниканы сүрөт, видеого тартпоону суранды


8-майда 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата "Ала-Тоо" аянтында күч түзүмдөрү менен биргеликте өтө турган аскердик парадга даярдыктар Токмок шаарында өтүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди.


Маалыматка ылайык, аскердик парадга 120дан ашык аскердик техникалар катышат жана бул техникаларды Токмок шаарынан Бишкек шаарына көчүрүү пландалууда.


"Коргоо министрлиги жарандардан бул иш-чарага түшүнүү менен мамиле кылууну, аскердик жана атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоону, Коргоо министрлигинин кызыкдар органдары менен макулдашуусуз видео жана фото тартпоону жана социалдык тармактарда түшүндүрмөсүз жарыялабоону суранат",-деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн