Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 03:44
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Көлбаевдин УКТ мүчөлөрү ишкерлерге 385 миң доллар кайтарып беришти, - УКМК

13.11.2023 10:36
344
Көлбаевдин УКТ мүчөлөрү ишкерлерге 385 миң доллар кайтарып беришти, - УКМК


Кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Кытайдан товар алып келген ишкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтурганын УКМК билдирди.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, көп жылдар бою Кытайдан эл керектөөчү товарларды алып келген ишкерлерден мыйзамсыз түрдө жүктөрүн алып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган.


М.Г УКМКга арыз менен кайрылып, мындай аракеттердин натыйжасында 385 миң доллар зыян келтиргенин билдирген. Анын жүйөлөрү тастыкталгандыктан, УКМК өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык боюнча кылмыш ишин козголгон.


К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү аныкталып кармалган. Анын ичинде түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткандар да бар.


Тергөөнүн жыйынтыгы менен кармалгандар транспорттук-логистикалык компанияга жана жүктүн ээлерине келтирилген зыяндын ордун толук төлөп беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн