Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 14:53
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Көк-Арт ашуусунда кар көчкү басып калган жарандарды издөө иштери уланууда

Көк-Арт ашуусунда кар көчкү басып калган жарандарды издөө иштери уланууда

Жалал-Абадда кар астында калгандарды издөө иштерин 53 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.


Эске сала кетсек, Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун 332-чакырымында (Көк-Арт ашуусу, тоннелдин түндүк тарабы) жана болжол менен 338-чакырымында (Көк-Арт ашуусу, тоннелдин түштүк тарабы) кар көчкү түшкөн. Кар көчкү түшкөн аймакта 4 адам дайынсыз болууда.


"Бүгүн унаа жолдогу тоннелдин түндүк тарабына изилдөө жана издөө иш-чараларын улантуу максатында куткаруучулар тартылды, абал өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Э.Кулматовтун көзөмөлүндө. Издөө иштерине жалпы 53 куткаруучу тартылды. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат билдиррүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн