Кулжа 10, 2025
Убакыт: 16:04
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.105
1.135

Кытай 47 өлкө үчүн бир тараптуу визасыз режим киргизди

10.06.2025 09:41
15
Кытай 47 өлкө үчүн бир тараптуу визасыз режим киргизди


Кытай 2025-жылдын 9-июнунан тарта Сауд Аравиясы, Оман, Кувейт жана Бахрейн өлкөлөрүнүн паспорттору бар жарандары үчүн бир тараптуу визасыз кирүүнү пилоттук негизде киргизди. Бул тууралуу Синьхуа кабарлады.


Маалыматка ылайык, эми КЭРден бир тараптуу визасыз режим күчүнө кирген өлкөлөрдүн саны 47ге жетти.


Жаңы эрежелерге ылайык, жогоруда аталган өлкөлөрдүн жарандары бизнес, туризм, жеке же транзиттик максаттар үчүн Кытайда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.


2018-жылдын башында Кытай Бириккен Араб Эмираттары жана Катар менен визасыз мамилелерди түзүп, эми келишимди Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин (GCC) бардык мамлекеттерине кеңейтти.


Кытайдын Тышкы иштер министрлигинен белгилешкендей, визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү өлкөнүн эл аралык кызматташтыкты мындан ары да ачууга жана бекемдөөгө умтулуусун көрсөтөт.


“Кытай виза саясатын мындан ары оптималдаштырууга жана визасыз багыттардын географиясын кеңейтүүгө, өз ара өнүгүүгө, ишкердик жана маданий байланыштарды чыңдоого ниеттенүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн