Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 17:44
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Кыргызстандык дипломаттар 49 кычкылтек концентраторун тапшырышты

31.08.2020 17:20
679
Кыргызстандык дипломаттар 49 кычкылтек концентраторун тапшырышты


Саламаттык сактоо министрлигине чет өлкөдөгү Кыргызстандын элчиликтери жана башкы консулдарынын атынан 49 кычкылтек концентратору тапшырылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, концентраторлор Кыргызстандын аймагында СOVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу үчүн аткарылып жаткан иш-чаралардын алкагында тапшырылды.


"Сатылып алынган 49 кычкылтек концентраторунун 15и «КР президенти жана өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик уюмуна берилип, калган 34 аппарат Саламаттык сактоо министрлигине берилди жана муктаждыгына ылайык өлкөдөгү дарылоо мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет", - деп айтылат маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн