Кулжа 11, 2025
Убакыт: 03:07:32
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.105
1.135

Кыргызстанда шайлоочулардын саны 27 пайызга жогорулады

24.09.2020 14:48
1155
Кыргызстанда шайлоочулардын саны 27 пайызга жогорулады


Кыргызстанда шайлоочулардын саны 27 пайызга жогорулады. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 24-сентябрдагы маалымат жыйында билдирди. 


Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, республикада учурда паспорту бар жана алдыда боло турган шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катталган. 

 

"Учурдагы шайлоочулардын эсеби өткөн шайлоолорго салыштырмалуу 27 пайызга жогорулады. Эгерде так сандар тууралуу айта турган болсок, шайлоочулардын саны 762 миң 235 адамга жогорулады", - деди  БШКнын төрайымы.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн