Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 16:28
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Кыргызстанда парламенттик шайлоо башталды

04.10.2020 09:13
799
Кыргызстанда парламенттик шайлоо башталды


Бүгүн, 4-октябрь саат 08:00дө Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери ачылып, парламенттик шайлоо башталды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдиргендей, парламенттик шайлоого карата жалпы 2 миң 475 шайлоо тилкеси даярдалып, анын ичинде чет мамлекеттерде 45 шайлоо тилкеси ачылган. Шайлоочулардын тизмесине 3 млн 523 миң 532 киши киргизилген.

Шайлоочулардын 48%ын аял кишилер, 52%ын эркек кишилер түзөт. Ал эми 30 жашка чейинки жаш шайлоочулар 29%ды түзөт. Парламенттик шайлоого карата 16 саясий партия БШКда 1 миң 957 талапкерин катталды. Алардын ичинен 57 талапкер ар кандай себептер жана өздөрүнүн берген арызына ылайык, талапкерлердин тизмесинен чыгарылган. 

Быйылкы парламенттик шайлоого 16 партия катышууда:

1. «Ата-Мекен»
2. «Бир-Бол»
3. «Биримдик»
4. «Замандаш»
5. «Кыргызстан»
6. «Мекеним Кыргызстан»
7. «Мекеним Ынтымагы»
8. «Мекенчил»
9. «Ордо»
10. «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»
11. «Республика»
12. «Реформа»
13. «Социал-Демократтар»
14. «Чоң Казат»
15. «Ыйман Нуру».
16. «Бүтүн Кыргызстан».


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн