Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 00:22
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кыргызстанда кургак учуктан каза болгондордун саны азаюуда

24.03.2025 12:18
174
Кыргызстанда кургак учуктан каза болгондордун саны азаюуда


Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын туруктуу төмөндөшү байкалууда. Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдулат Кадыров билдирди.


Анын айтымында, акыркы 15-20 жылда Кыргызстанда оорунун жана өлүмдүн туруктуу төмөндөшү байкалууда. Оорунун эң жогорку чеги жана оорудан каза болгондордун эң жогорку көрсөткүчү 2001-жылы катталган. Анда, 100 миң калкка 168 учур катталып, өлүмдүн деңгээли 100 миң калкка 27 учурду түздү.


"Кургак учукка каршы беш программанын алкагында жүргүзүлүп жаткан кургак учукка каршы иш-чаралардын натыйжасында бул мезгил аралыгында биз оорунун жана өлүмдүн жакшы азайышына жетиштик. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2024-жылы Кыргызстанда оорунун деңгээли 100 миң калкка 56,3 учурду түзгөн. 2001-жылдагы маалыматтарга салыштырмалуу төмөндөө үч эсеге жетти. Өлүмдүн көрсөткүчтөрү да 10 эсеге азайган. 2024-жылы 2,6 учур катталган", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн