Теке 09, 2025
Убакыт: 15:22
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.113
1.135

Кыргызстанда Ишкер аялдарды каржылоо кодекси ишке кирди

09.07.2025 10:54
19
Кыргызстанда Ишкер аялдарды каржылоо кодекси ишке кирди


Кыргызстанда Ишкер аялдарды каржылоо кодекси ишке кирди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.


Маалыматка караганда, Ишкер аялдарды каржылоо кодекси Экономика министрлиги менен өнөктөштүктө Улуттук банк тарабынан Европа реконструкциалоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен иштелип чыккан. Бул документ аялдардын ишкердигин туруктуу өнүктүрүүгө жана алардын каржы булактарына жетүүсүн кеңейтүүгө багытталган көп тараптуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматындагы глобалдык деңгээлдеги демилге болуп саналат.


Кодекс үч негизги компонентке таянат:

  • лидерлик – аялдарды колдоо маселелерин көзөмөлдөй турган жооптуу жетекчи адамдарды дайындоо;
  • маалыматтар – жыныс боюнча бөлүнгөн маалыматтарды чогултуу жана талдоо;
  • иш-аракет – ишкер аялдар үчүн атайын каржылык жана каржылык эмес продукттарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.


Кодекстин ишке ашырылышы эки багытта жүрөт:

  1. Аялдарды колдогон Улуттук каржы институттарынын коалициясын түзүү.
  2. Аялдардын чакан жана орто ишканалары (WSME) боюнча улуттук маалымат чогултуу жана анализдөө системасын өнүктүрүү.


Долбоорду координациялоону ЕРӨБ менен тиешелүү меморандумга кол койгон Кыргызстандын Улуттук банкы жүргүзөт. Бул процесске негизги өнөктөштөр – Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргызстандын банктар союзу, Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы, ошондой эле жеке сектордун өкүлдөрү тартылган.


Бүгүнкү күндө кодекске 10 алдыңкы каржы уюму кошулду, анын ичинде:


Коммерциялык банктар: 

  • "Банк Компаньон" ЖАК;
  • "Бакай Банк" ААК;
  • "Оптима Банк" ААК;
  • "Айыл Банк" ААК;
  • "Элдик Банк" ААК;
  • "Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк" ЖАК;
  • "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЖАК.


Микрофинансылык жана кепилдик уюмдар:

  • "Байлык Финанс" ЖАК МКК;
  • "МФК ОКСУС" ЖАК;
  • КР Кепилдик фонду.


Кодекстин ишке киргизилиши ар бир аялга ишкердик максаттарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген инклюзивдүү жана туруктуу экономиканы калыптандыруу багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.


Кодексти расмий ишке киргизүү аземине экономика министринин орун басары Санжар Болотов катышып, аялдардын ишкердиги улуттук экономиканы чыңдоодо жана өлкөнүн туруктуу келечегин калыптандырууда негизги ролду ойной турганын белгиледи.


"Аялдарды бизнес багытында колдоо – бул жөн гана социалдык милдет эмес, бул туруктуу экономикалык өсүштүн, жумуш менен камсыздоонун жана өлкөнүн ички потенциалын ачып берүүнүн куралы", – деди Болотов.


Анын айтымында, аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча бир катар демилгелер ишке ашырылып жатат. Алардын катарына банктар жана фонддор аркылуу жеңилдетилген насыя жана кепилдик берүү, окутуу программаларын ишке киргизүү, санариптик кызматтарды өнүктүрүү жана социалдык облигацияларды чыгаруу кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн