Тоң районунда селден улам жабылган Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, жол бүгүн саат 10:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттон сел келип, аталган унаа жолдун 113-чакырымын каптаган. Сел айланма жолго салынган темир-бетон шакекчелерди жууп кетип, жол каттамы убактылуу жабылган.
Кырдаалды жөнгө салуу үчүн жерине атайын техникалар тартылып, жолду ачуу боюнча иштер жүргүзүлдү.
Учурда унаа каттамдары толук кандуу жандандырылып, жол ачылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн