Теке 09, 2025
Убакыт: 22:18
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.113
1.135

Чаткал райондук ооруканасынын 85 орундуу жаңы имараты курулат

09.07.2025 17:30
26
Чаткал райондук ооруканасынын 85 орундуу жаңы имараты курулат


Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чаткал районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна барды. 


Ведомстводон маалымдашкандай, анда министр оорукананын жаңы имаратын куруу долбоору менен таанышты.


Долбоор боюнча оорукананын 85 орундуу заманбап үч кабаттуу имаратын куруу пландалууда. Анын курамында терапия, хирургия, педиатрия, төрөт жана жугуштуу оорулар бөлүмдөрү болот. Учурда айыл өкмөтү тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилген. 


Саламаттык сактоо министрлиги техникалык тапшырманы даярдап жатат, ал эми долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгууда. Курулуш иштеринин башталышы 2025-жылдын август айына, ал эми аякташы 2026-жылга пландалган.


Жаңы имарат куруу демилгеси министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан көтөрүлүп, курулуш иштери анын жеке көзөмөлүнүн астында жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн