Теке 09, 2025
Убакыт: 18:46
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.113
1.135

Оливка майы сизди жашартуучу касиетке ээ

09.07.2025 15:15
18
Оливка майы сизди жашартуучу касиетке ээ


Көздүн тегерегиндеги бырыштар эрте пайда болгону маанайыбызды түшүрүп, бизди ойлондуруп баштайт эмеспи. Бирок, атайын бырыштар үчүн майлар жана маскалар сизге жардам берет.


Оливка майын көпчүлүк көздүн тегерегиндеги бырыштар үчүн колдонот. Эң жөнөкөй ыкма бул көздүн тегерегине коюучу компресс болуп саналат. Жөнөкөй эле кебезге (вата дискаларына) оливка майын тамчылатып, көздүн тегерегиндеги бырыштарга 10 мүнөт коюу керек. Компресстен кийин колдун учтары менен массаж жасоо керек. Эгер оливка майына 50 гр витамин Е майын куйсаңыз, анда пайдалуу, сиңимдүү маска болот. Бул масканы күндө жасасаңыз, 5 мүнөттөй эле кармаңыз жана бетиңизди жуубай эле койсоңуз болот. Жөн гана жумшак бетаарчы менен сүртүп коюңуз. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн