Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 16:16
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Кыргызстан "Центерраны" киберкоопсуздук боюнча сотко бергени айтылды

16.12.2021 14:11
498
Кыргызстан "Центерраны" киберкоопсуздук боюнча сотко бергени айтылды

Кыргызстан Кумтөр кениндеги киберкоопсуздук менен кызматкерлердин укуктары бузулгандыгына байланыштуу канадалык Centerra Gold Inc. компаниясын сотко бергенин тастыктады.


Маалыматка караганда, 2021-жылдын май айында Centerra колдонуучулар менен администраторлорду "Кумтөрдүн" компьютерлерине кире албай тургандай кылып системаны блоктоп салган. Мындай көрүнүш өкмөт кенди убактылуу тышкы башкарууга өткөрөр алдында болгон. Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Centerra компаниясына карата кылмыш ишин козгогон.


"Centerra ишканасынын аракеттери биздин кызматкерлердин укуктары менен коопсуздугун одоно бузуп, Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлабастыгын көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн