Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 16:53
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кыргызстан менен Өзбекстан меджабдыктарды биргелешип өндүрүүнү пландаштырууда

10.04.2025 10:09
502
Кыргызстан менен Өзбекстан меджабдыктарды биргелешип өндүрүүнү пландаштырууда


Кыргызстан менен Өзбекстан "Бишкек" эркин экономикалык аймагында медициналык жабдыктарды биргелешип өндүрүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттигинен билдиришти.


Долбоор Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттиги жана Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү (УКФР) менен болгон жолугушууда талкууланды.


Өндүрүштүк кубаттуулуктар "Санрайд" компаниясы тарабынан уюштурулат, ал эми продукциянын негизги керектөөчүлөрү Кыргызстандагы медициналык мекемелер — ооруканалар жана поликлиникалар болот.


УКФР долбоорду каржылоону камсыз кылуу жана инвестиция тартуу боюнча консультациялык жардам көрсөтөт.


"Азыркы учурда Кыргызстан жана Өзбекстан саламаттыкты сактоо тармагында 14 биргелешкен долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда",-деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн