Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 23:09
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Кыргызстан Ооганстанга визалык чектөөсүн киргизди

23.08.2021 17:54
1028
Кыргызстан Ооганстанга визалык чектөөсүн киргизди

Кыргызстан Ооганстандын жарандарына виза берүү боюнча убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу 23-августта өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги  билдирди.


Мекеменин басма сөз кызматы белгилегендей, мындай чара Ооганстандагы соңку аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын аймагына кирбеши керек болгон адамдардын өтүүсүнө жана баш калка издеп жаткандардын жапырт кирип келүүсүнө жол бербөө максатында кабыл алынды.


Дипломатиялык жана расмий делегациялардын мүчөлөрүнө кызматтык визалар кадимки тартипте берилүүдө.


Ал эми ооганстандык студенттерге виза берүү маселеси макулдашуу стадиясында экени маалымдалды.


Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза бергенге даяр экенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 16-августта билдирген.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн