Кулжа 13, 2025
Убакыт: 15:48
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жумушчу топтун жолугушуусу болду

27.12.2022 17:34
447
Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жумушчу топтун жолугушуусу болду

2022-жылдын 23-декабрынан 27-декабрына чейин Ош шаарында алдыда өтүүчү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштерин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдады. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.


Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.


Кийинки жолугушуу Өзбекстандын аймагында өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн