Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 10:23
USD
87.30
87.80
EUR
99.10
100.10
RUB
1.060
1.090

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылды

24.05.2022 16:06
816
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылды

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекети транспорт каражаттары жана жүктөр үчүн убактылуу жабылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, бекеттин жабылышы Кытайдагы нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу.

“Кытай тарап сел суулары жолдун айрым бөлүктөрүн каптап, көпүрө ураганын билдирди. Учурда ал жерде оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

“Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекетинин ачылышы боюнча кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн