Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 09:14
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Кеминде салык кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

30.08.2023 11:15
415
Кеминде салык кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды


Кеминде салык кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 28-августта КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 200 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Кемин районунун салык кызматынын контролдоо жана карыздарды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы А.А.Ж., ошондой эле аталган бөлүмдүн инспектору С.А.Т. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн