Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 19:19
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Казакпаев менен бирге мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган Токтоучиковго карата сот өкүмү чыкты

04.07.2022 11:47
520
Казакпаев менен бирге мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган Токтоучиковго карата сот өкүмү чыкты


Саясат талдоочу Марат Казакпаев менен бирге кармалган Кыргызстандагы казак диаспорасынын мурдагы башчысы Марат Токтоучиковго карата сот өкүмү чыгып, ал 2,5 жылга эркинен ажыратылганын 4-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өкүм 27-июнда чыкты. Токтоучиков Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакциядагы) “Мамлекеттик чыккынчылык кылуу” деген 307-беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылып, жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги колонияда өтөмөй болду.

Токтоучиков жана Казакпаев кармалганы 2021-жылдын апрелинде белгилүү болгон. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн