Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 16:04
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Казакбаев орус элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

15.03.2022 19:42
1119
Казакбаев орус элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн, 15-мартта КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелери талкууланды.


Мындан тышкары, тараптар алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги тышкы саясий иш-чараларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге төрагалыгынын алкагында боло турган иш-чараларды талкуулашты, ошондой эле Министр Р.Казакбаевдин жакында Россия Федерациясына болгон расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн