Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 16:36
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Казак-кыргыз чек арасында белгисиз адамдар 2 кг баңгизат ыргытып кеткен

Казак-кыргыз чек арасында белгисиз адамдар 2 кг баңгизат ыргытып кеткен

Белгисиз адамдар Казакстандын чек арасында туруп Кыргызстанды көздөй баңгизат ыргытты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.



Окуя кечээ, 24-майда, Чүй облусунун аймагында катталган. Чек ара наряды кыргыз-казак чек арасынын Казакстан тарабында эки адам турганын байкаган.

Андан соң алар Кыргызстандын аймагына эки литрлик төрт желим бөтөлкө ыргытып, кайра ары көздөй качып кетишкен.


Текшере келгенде бөтөлкөлөрдүн ичинен 2 килограмм 120 грамм кара куурай табылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн