Теке 03, 2025
Убакыт: 08:45
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.110
1.135

Касымалиев Салык кызматы Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарыла турганын билдирди

Касымалиев Салык кызматы Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарыла турганын билдирди


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматынын 35 жылдыгына арналган иш-чарада аталган ведомство Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарыла турганын билдирди. 


"Мен жакында Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго тиешелүү чечим кабыл алганыбызды билдирдим", — деди Касымалиев. 


Ал эми Шыкмаматов штаттын саны жана кызматтардын ыйгарым укуктары өзгөрбөй турганын айтып, башкаруунун жаңы түзүмү мамлекеттик органдарды бюрократиядан арылтууга багытталганын кошумчалады. 


"Бизге кошумча ыйгарым укуктар берилбейт. Мурда кандай болсо ошондой иштей беребиз. Болгону жоопкерчилигибиз күчөтүлүп, жумушубуздун натыйжалуулугун арттырып, чечимдерди тез кабыл алууга түрткү берет. Мунун баары президенттин мамлекеттик органдарды бюрократиядан арылтуу боюнча тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында ишке ашууда", — деди Шыкмаматов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн