Кулжа 06, 2025
Убакыт: 21:23
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.090
1.125

Караңгыда отургандар, эмне үчүн жарык издебейсиңер?

05.06.2025 14:53
64
Караңгыда отургандар, эмне үчүн жарык издебейсиңер?


Караңгылык дайыма эле жамандыкты билдирбейт, жарык дайыма эле жакшылык алып келе бербейт.

(Филист Каст)


Адамдардын көбү белгисиздиктен корккону үчүн эле өлүм менен караңгылыктан да коркушат.

(Джоан Роулинг)


Жарык “мен баарынан ылдаммын” деп ойлойт. Бирок, ал жаңылышат: жарык канчалык ылдам жүрбөсүн, караңгылык эчак жетип, аны күтүп жаткан болот.

(Терри Пратчетт)


Караңгыдагылардын баары жарык издешет. Бирок тапкан соң, анын нурунан көздөрү ооруп, көрбөй калышат. Акыйкат ушундай. Бир күнү сен көздөрүңдү акыйкаттын нуруна күйгүзүп, түбөлүк караңгылыктын кучагында каласың.

(Эрго Прокси) 


Күнөө караңгылыкта эмес, жарыкты каалабагандыкта.

(Марина Цветаева)


Мен көп жыл караңгылыкта жашадым. Караңгылыкка көнүп, акыр аягында ал менин дүйнөмө айланып калды.

(Декстер Морган)


Эгер сен жарык издесең, акыр аягында аны таба аласың. А эгер караңгылык издесең, баардык жерден караңгылыкты гана көрөсүң.

(“Аватар”)


Караңгылылыкка наалыба. Сен өзүң жарыктын кичинекей учкуну бол.

(Бернар Вербер)


Менин жарыгым сенин караңгылыгыңан жакшы деп сага ким айтты?

(Дэниел Киз)


Караңгы жерде көрүп, тынч жерде тыңшаганды үйрөн. Ошондо караңгылыктан жарыкты көрөсүң, жымжырттыктан гармонияны угасың.

(Чжуан Чжоу)


Мен эми жарыкка да, караңгылыкка да ишенбейм. Жарык – бул жөн гана фотондордун агымы. Караңгылык – бул жөн гана жарыктын жоктугу.

(Сергей Лукьянеко)


Түн адамдардай кара эмес. 

(Виктор Гюго)


Күндүн күчү эмнеде билесиңби? Ал караңгылыкты карагандан коркпойт.

(Анхель де Куатье)


Эгер ичинде жарык жашынып жаткан болсо, караңгылык деле сулуу көрүнөт.

(Сергей Лукьяненко)


Айлана канчалык караңгы болсо, жылдыз болуш ошончолук оңой.

(Станислав Ежи Лец)


Караңгыда баардык түстөр окшош.

(Френсис Бэкон)


Мен баарынан көбүрөөк караңгылыктан корком, анткени, караңгыда баары бозомук болуп көрүнөт.

(Аркадий Стругацкий)


Караңгыда отургандар, эмне үчүн жарык издебейсиңер?

(Сиддхартха Гаутама (Будда)


Караңгылыкта өскөн гүлдөр караңгылыкта гана жашай алышат. 

(Коё Одзаки)


Башың караңгы болсо, бүт дүйнө караңгы болуп көрүнөт.

(Түркмөн накылы)


Кара иштерди караңгылыкта жасаш керек.

(Джон Рональд Руэл Толкин)


Караңгылыкта жана жымжырттыкта мүнөттөр эки эсе узакка созулуп кетет.

(Дмитрий Глуховский)


Караңгылык болбосо жарык да болбойт.

(Нэнси Бильо)


Үмүт жарыктан кубат алса, жаман ойлор караңгылыктан кубат алат.

(Элизабет Блэквелл)


Караңгылыкта баардык нерсе кызыктуу болуп көрүнөт.

(Ли Бардуго)


Жарык жаралып, анан жок болот. Караңгылык болсо түбөлүктүү.

(Ошо)


Эгер жарык караңгылык менен күрөшкүсү келсе, ташбоор болууга тийиш.

(Сергей Лукьяненко)


Анаксагор “кардын өңү кара” деп айтчу эле. Туура айткан экен: суук – бул караңгылык. Муз – бул түн.

(Виктор Гюго)


Эгер караңгылык жандүйнөңө кирип алган болсо, эч качан кетпейт.

(Хелена Бертинелли)


Жарык кандай болсо, караңгылык деле бул дүйнөнүн ажырагыс бир бөлүгү. Өлүм деле ошондой.

(Наталья Жильцова)


Түрү суук болсо да караңгылыктан коркпо.

(Данте Алигьери)


“Караңгылык менен күрөшөм” дебеш керек. Жарыкты күйгүзсөң, караңгылык өзү эле кетет.

(Дэвид Линч)


Караңгылыкты көпкө карап турсаң, ал жок экенине ынанасың.

(Кэмерон Джейс)


Башка көп коркунучтар турганда караңгылыктан корккон уят нерсе.

(Нора Робертс)


Даярдаган: Мамат Сабыров 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн